ЕАЭБде медициналык технологияларды жеткиликтүү кылуу боюнча иштер жүрүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы ЕАЭБ алкагында саламаттыкты сактоо жаатындагы экономикалык кызматташуу боюнча сунуштаманы бекитти. Бул документ ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн заманбап медициналык технологияларды жеткиликтүү кылууга жардам берери айтылды.
Документте маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана телемедицинаны өнүктүрүү, жогорку технологиялык меджардам көрсөтүү жана аталган тармактагы технологияларды стандартташтыруу боюнча кызматташтыкты күчөтүү каралган.
"Бул демилгелерди ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн заманбап медициналык технологиялар менен жогорку технологиялык меджардамды жеткиликтүү кылууга шарт түзөт", — деп билдирди ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.
Ошондой эле телемедицинаны колдонуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жарандарга аралыктан меджардам көрсөтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу сунушталды.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын алдыңкы ооруканаларына барды