БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден өз жарандарын алып келүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү башка европалык мамлекеттерге караганда дүйнөдө лидер болуп саналат. Бул туурасында коомчулуктун радикалдашуусуна каршы туруктуулугун бекемдөө боюнча иш алып барган глобалдуу фонддун (GCERF) жетекчиси Халид Коссер РИА Новостиге айтып берген.
Ал тизмеге Кыргызстанды да кошуп, канча кишини алып келгенин белгилеген.
"Борбор Азия мамлекеттери бул кырдаалга реакция кылуу демилгеси менен чыгып (Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлер боюнча — ред.), өздөрүнүн жарандарын репатриация жана реинтеграция кылууда дүйнөлүк лидер болуп калышты. Алар 2200 кишини кайтарып алышты. Казакстан 754, Кыргызстан 533, Тажикстан 381, Өзбекстан 531 атуулун алып келди", — деген ал.
Коссер Европа өлкөлөрү мамлекет катары жоопкерчилик албай, сактап калуу иштерин жасабай жарандарын таштап салды деп эсептейт.
"Батыш Европа алар лагерлерде өлөт да, бул маселе өзүнөн өзү жок болот, буга көз жуумп коюу жетиштүү деп эсептешет", — деген агенттиктин маектеши.
Анын айтымында, GCEF фондунун Борбор Азия мамлекеттери менен Сириядагы лагерлерден репатриация кылуу иштери боюнча кызматташуусу бул процессте оңдоп, жакшырта турган жерлери бар экендигин көрсөткөн. Себеби репатриация болгон аялдар менен балдар кийин Сирияга кайтып барган учурлар кездешкен.
Сириянын түндүк-чыгышында араб-күрддөрдүн "Сириялык демократиялык күчтөр" (SDF) жана АКШ көзөмөл кылган аймакта 65 миңден 70 миңге чейинки санда качкындар баш калкалап турушат. Алардын арбыны — РФте жана КРде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюмдун согушкерлеринин аялдары менен балдары. Лагерде жашагандардын арасында сириялыктардан сырткары башка мамлекеттердин жарандары да бар. Бул расмий түрмө болуп эсептелбесе да күрд согушкерлери качкындарды лагерден кетирбей кармап турушат.