БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Акылбек Жапаровду кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн кызматтан четтетүүгө мажбур болдум. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө болуп жаткан жетишкендиктерге Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар, бирок анын кызматтан кетишин саясатташтыруунун кажети жок.
"Өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейитти. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түзмө-түз көзөмөлүндө болчу, демек салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азырынча тергелип жаткандыктан бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум", — деди өлкө башчы.
Буга чейин бир катар салыкчылар, анын ичинде жетекчилер дагы колго түшкөн. Атайын кызматтын айтымында, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. Аталган иш боюнча алкоголдук ичимдиктерди, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашуун акциздик товардын документинин артка чакыртылышын көз жаздымда калтырышканы айтылган.