Москвада энергетика боюнча эл аралык форум өттү

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Москвада EnergySpace деп аталган XVI эл аралык форум өттү.
Иш-чарада глобалдуу энергетикалык тармактагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди, Россияга каршы санкциялык басымдын контекстинде БУУнун 7-Туруктуу өнүгүү максатына жетүү жолдору талкууланды.
Форумдун башкы окуясы "Энергобаланс: азыркы учурдун реалдуулугу жана жасалган божомол" деген темадагы отурум жана стратегиялык сессиялар болду.
Москвада EnergySpace деп аталган XVI эл аралык форум өттү
Анда ири компаниялар менен аталган тармактын алдыңкы эксперттери энергетикалык коопсуздукту, технологиялык суверенитетти ишке ашырууну, ар кыл мамлекеттер менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түптөөнү сүйлөштү. Россиянын отун-энергетикалык комплексинин келечеги туурасында да талкуу болду.
Иш-чарага БАЭнин, Кытайдын, Сауд Арабиясынын, Ирандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кувейттин, Катардын, Венесуэланын, Малайзиянын, Бразилиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
EnergySpace жыл сайын аталган тармактагы алдыңкы адистерди, тармактык министрликтер менен федералдык ведомстволордун жетекчилерин чогултат. Андан сырткары, энергетикалык компаниялардын топ-менеджерлери, Россиянын жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөгү иштиктүү жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышат.
Обочолонуу тууралуу кеп болгон жок. Петербургдагы эл аралык форум кандай өттү