Милиция Бишкекте 31 млн. сомду тоногондорду аныктады

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерин тоноого катышкан төрт адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Кылмышка шектүүлөр тууралуу маалыматтар тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ачыкка чыгарылбайт.
Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине кол салуу 11-декабрда болгон. Кылмышкерлер бычак менен куралданышып, атайын жилет жана бет кап кийип алышкан. Алар Ford Focus унаасы менен 31 миллион рублден ашык акчаны алып качып кетишкен.
Бишкекте эки жигитти тоноп кеткен куралданган бет капчандардын видеосу жарыяланды