Өлкөдө биринчи жолу имамдарга кызматтык автоунаалар тапшырылууда. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Өлкөдө биринчи жолу имамдарга кызматтык автоунаалар тапшырылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаалар райондордун башкы 40 имамына берилмекчи. Бүгүн 20сынын ачкычы тапшырылып, калганы жакынкы күндөрү берилет.
Муфтият дин кызматкерлерине Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кызматтык автоунаа берилип жатканын, бул алардын иш сапатын жакшыртарын белгиледи.
Садыр Жапаров: динге жамынып тескери кеткендерди муфтият тарбиялашы керек