Алар эки айга чукул мөөнөттө Советтер Союзунун Европа тарабында жайгашкан Кызыл Армиясын талкалоону мелжешкен. Буга үч армияны тартмак болушкан. Анткен менен бир жыл өткөндөн кийин, 1941-жылдын декабрында, нацисттер Москванын алдында токтотулуп, советтик контрчабуул башталганда бул пландын таш-талканы чыккан. "Барбароссанын" авторлору убакыт факторун, жалпы аймактарды, андан сырткары, СССРдин согуштук жана экономикалык мүмкүнчүлүгүн эске албай калышкан.
83 жыл өткөндөн кийин Батыштын аскердик эксперттери ошондой эле себептер менен башка пландын — НАТОнун офицерлеринин Украинага жасалчу "контрчабуулунун" ойлогондой болбой калышын түшүндүрүп жатышат.