БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. USAID агенттигинин Россиядагы ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечими туура болгонун Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК менен РИА Новостиге курган маегинде билдирди.
"Жозеф Байдендин администрациясы көп нерсеси менен эсте калат. Айрыкча, таңуулаганды жакшы көрүшөт. Алар "биз силерге жардам беребиз" дешет, "рахмат, кереги жок" деп баш тартсаң", "жок, жардам беришибиз керек" деп таңуулашат. Мисалы, алардын USAID деген структурасы эмнегедир биздин муктаждык жок жерлерге жардам бергиси эле келип турат", — деди Алиев.
Анын пикиринде, USAID саясаттан таптакыр кетиши мүмкүн. Анткени агенттиктин ишмердүүлүгүнө Американын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп тыюу салышы ыктымал.
"Азербайжандык ЖМКлар чет элдик булактан 1 пайыз да каржыланбайт. Анын эмне кереги бар? Биз деле АКШдагы маалымат каражаттарын финансылабайбыз да", — деди президент.
Октябрдын башында азербайжандык депутаттар Тышкы иштер министрлигинин башчысына USAID уюмунун өлкөдөгү ишин токтотуу, ошондой эле Баку менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтыкты кайра карап чыгуу сунушу менен кайрылышкан.