БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдиктерге уруксат берүүчү документтерди берүү "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Бардык процедуралар Evisa.e-gov.kg. веб-сайты аркылуу жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн телефондор: 0312603070, +996703428865).
Белгиленгендей, портал Ework.e-gov.kg 2024-жылдын 25-декабрынан тарта квоталарды жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот.
Жаңылык убактылуу жобонун бекитилиши менен байланыштуу экени айтылды. Министрлик чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоочуларды 25-декабрга чейин тиешелүү документтерди берүү/алуу жол-жоболорун аяктоого чакырат.