Бишкек шаардык сотунун судьясы менен жубайы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы А.А.Б. жана анын жубайы М.Г.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, М.Г.М. ишти оң жакка чечип берүү үчүн А.Г. аттуу жарандан эки миң доллар талап кылган.
М.Г.М. күйөөсүн Бишкек шаардык сотунун жарандык коллегиясынын судьясы Ж.М.Ж. менен байланышып А.Г. пайдасына чечим чыгарууну өтүнүүнү суранган.
А.А.Б. Ж.М.Ж. кирип А.Г. жардам берүүнү өтүнгөн, бирок ал мыйзамсыз ишке баруудан баш тартып, жарандык ишти кароону да токтоткон.
“М.Г.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы А.А.Б. кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Сот бүгүн алардын бөгөт чарасын тандайт”, — деди УКМК.
УКМК: мурдагы ӨКМ башчысы коррупцияга шектелип кармалды