Кубаттуу Россия Донбасстагы атайын операциянын милдеттерин чечип да, өзүнүн чектеринде, анын ичинде Евразияда коопсуздуктун жаңы архитектурасын түптөп жаткан чакта кичинекей евроатлантикалык дүйнө жаңы реалдуулукту кабыл алуунун үчүнчү этабына өтүүдө. Бул соодалашуу учуру деп аталат. Бул туурасында колумнист Елена Караева ой калчаган.
Эгерде кишиде сезип-билүүнүн үчүнчү этабы болуп, эски тартиптер менен схемалар иштебей, анысы ашкере ызы-чуу менен байкалса, ал глобалдык истеблишмент кагаздын айланасында тынч жүрбөй калат. Ашыкча кеп-сөз жазылып, айтылат. Алар АКШ менен ЕБдин Донбасстагы геосаясий каатчылык маалында четтеп кетүүгө болбой турган чыгымдарын эсептөөгө жана Россиянын жасалчу кадамдарына баа берүү жаатында болорун боолголоо кыйын деле эмес.
Басма сөздөрдө өтө кызыктуу маалыматтар да пайда болуп калууда.
Ал, мисалы, Киевдин Американын жаңы администрациясына литий кендерин, ошондой эле башка сейрек кездешүүчү кендерди концессияга бөлүштүрүү убадаларына байланыштуу. Кичинекей, бирок кашкайып көрүнүп турган дагы бир учур: муну Киев салтанаттуу түрдө убада кылса да, Байдендин администрациясы менен ар кандай шылтоолордон улам келишимге кол коюлган эмес. Алар Трампка, тагыраагы, өздөрүнө кам көрүштү. Бул украиналыктар өздөрү да айтып жүргөндөй, башкы көзүр.
Экинчи көзүр — европалык НАТОчулардын көзүн жазгыруу.
Аскерий-саясий абийирсиздиктин чакырык таштаган кадамдарынын кезектеги сеансы — экинчи резервдик валютадагы бир нече миллиарддар жана европалык аскерлердин кыйындарын "тынчтык орнотуучу" миссиясы менен жөнөтүү. Каякка экени так деле эмес, бул атайын операциянын аймагы же "Украина да" болушу мүмкүн. НАТОчулар бул нерселерин негизи 18-декабрга пландап алышкан.
Ал арада аз санда болгон менен маселенин маани-жайын түшүнөт деген эксперттер (Йель университетинин кызматкери жана профессору Томас Грэмге, Буштун (кичүүсү) администрациясындагы аткаминерлерге, Москвадагы АКШнын элчилигинде эмгектенүүгө жиберилген Мамдептин кызматкерлерине окшогондор) сак-сактап жана кеңеш берип жатышат.
Россия экономикасы менен мүмкүнчүлүктөрүн, Кремлдин геосаясий партияны бир нече шахмат тактасында бир убакта алып баруу жөндөмдүүлүгүн жетишинче баалай албай калбагыла деген тейде эскертүү берүүдө. Кесиптештерине Россия геосаясий сүйлөшүүлөрдү, алдын ала талкууларды Россия АКШ менен гана жүргүзөрүн таанып, моюнга алыш керектигине кеңеш беришүүдө. Тегерек столдо эч кандай "европалык атлантикалыктар" болбойт, ал эми украиналыктарды айтып деле кереги жок.
Грэм Мамдепартаменттин кеңселеринде же телестудияларда жүргөн кесиптик тажрыйбасы аксаган жетекчилерден айырмаланып, ал эмне жөнүндө айтып жатканын билет. Маселен, мындан чейрек кылым жарыяланган Путиндин "Россия миң жылдыктын чегинде" макаласында жазылгандарда айта калып жүрөт. Айтмакчы, ал макаланын актуалдуулугу жоголгон эмес. Эстесек болот.
"Россия улуу өлкө болгон жана ошол тейде кала берет. Бул анын геосаясий, экономикалык, маданий мүнөздөмөлөрүнүн ажырагыс сапаттары менен шартталган. Алар Россиянын тарыхында россиялыктардын ой жүгүртүүсүн жана мамлекеттин саясатын аныктап келишкен. Азыр да ошондой".
Саясаттагы кызматка дайындалгандар, тактап айтканда, саясий жактан өздөрүн саясаттабыз деп атап алгандар Россия бир жолу тактикалык чегинүүгө жол берген болсо ар дайым мифке айланган НАТО муштумунун алдында артка чегине берет деп ойлошкон. Албетте, алар жаңылды. Анткени азыркы кырдаалда, биздин аскердик топтор атайын операция аймагында бардык фронттордо илгерилеп, ошол эле учурда Курск чегинен террорчуларды сүрүп чыгарып жатканда Кремль (болжолдуу түрдө Киев менен Брюсселге жагуу үчүн) өзүнүн кызыкчылыктарынан баш тартып, мамлекеттик түзүлүштүн коопсуздук принциптери боюнча соодалашат деп элестетүү — өз акылсыздыгыңды коомчулук алдында моюнга алуу дегенди билдирет.
Евроатлантчылар муну жасап, өздөрүнүн аргументтеринин акыркы талаштагы жөндөмдүүлүгүн жоготууга жол берип эмне кылышат? Элитанын деградациясы азыркы саясий бийиктигине геосаясий реалдуулуктарды билген адистерди эмес, геосаясий бурулуштарды жакшы билгендерди алып келди.
Гуманитардык жардам катары каршылаштарыбызга (же атаандаштарыбызга дейбизби) алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн азыркы шахматтык партияда колдоо үчүн айта кетсек, Кураховонун түштүк тарабында жүздөгөн украин аскерлери жаңы курчоого түшүп калды. Ал эми Красноармейскиде (украинча аталышы — Покровск) кырдаал Украинанын куралдуу күчтөрү үчүн мындан кем эмес оор бойдон калууда.
Биздин жердеги көрүнүп турган артыкчылыгыбыз моюнга алынбай турган болсо, бүгүн биз менен соодалашууга аракет кылган тараптын мындай темадагы бардык сүйлөшүүлөрү жөн гана абада колду булгалагандык болуп калат. Бул — Батыштын жакындап калган утулушун жаап-жашыруу үчүн колдонуп жаткан аракети.