Мамлекеттик салык кызматын Алмамбет Шыкмаматов жетектемей болду

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматын Алмамбет Шыкмаматов жетектемей болду.
55 жаштагы Шыкмаматов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын, Эсеп палатасын башкарып, юстиция министри болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты, Инвестиция боюнча агенттиктин, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору болуп да иштеген. Акыркы убакытта президенттин жардамчысы болуп жүргөн.
Салык кызматынын буга чейинки төрагасы Алтынбек Абдувапов кол алдындагылар менен акциздик махинацияларга байланыштуу камакка алынган болчу. Бул окуяга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы болуп турган Акылбек Жапаров дагы иштен алынганы белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы жана орун басарлары дайындалды