Алиев: Азербайжанга Түркиянын базасынын муктаждыгы жок. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Түркия Азербайжанга аскердик база курууну пландап жатат деген маалыматтар ЖМКга тарап, саясий жактан чайпалтууну жаратуу аракети болууда. Бул туурасында аталган мамлекеттин президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостиге берген маегинде айтты.
"Кыскача айтсак, кереги жок (аскердик база — ред). Эгерде менин жообумду басылмаларда мезгил-мезгили менен мындай маалыматтар пайда болуп турганын эске алып кеңейтип айтсак, буга муктаждык жок", — деген "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев менен болгон интервьюсунда.
Президент Азербайжанга түркиялык аскер базасынын курууну пландап жатат деп айтылгандар маалымат айдыңына ташталган кеп-сөздөр (талкуу жаратуу үчүн — ред.) деп атады.
Анын айтымында, Түркия менен болгон 30 жылга чукул кызматташуу Азербайжан армиясын күжүрмөн жөндөмдүүлүктүн, ыкчам пландаштыруунун жана аскердик чалгындоо иштеринин жогорку стандарттарына ылайык жаңылоодо чоң роль ойноду.
Путин: Россия менен Азербайжан мунай танкерлерин бирге курат