Министрлер кабинетинин төрагасы жана орун басарлары дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Адылбек Касымалиевди министрлер кабинетинин төрагасы кылып бекитип, президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду.
Аны менен бирге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков дайындалды.
1 / 2

Аны менен бирге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев

2 / 2

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков дайындалды

Алардын талапкерлигин президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга тааныштырды. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү жасалып жаткан реформалар жана көйгөйлөр боюнча суроолорду узатышты.
Минкаб төрагасы жана мүчөлөрү берген жооптордун урунттуу учурлары:
министрлер кабинети буга чейин баштаган иштер улантылат;
өкмөт ЭТТН, ЭСФ, ККМден баш тартпайт, бирок жеңилдетүү маселеси каралат. Ал үчүн жумушчу топ түзүлөт;
борбор калаадагы ыш жана тыгын маселеси жакында чечилбейт, бирок минкаб аракет кылат;
2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы даярдалууда, анын алкагында иш жүргүзүлөт. Ал мартта даяр болуп калат. Негизинен аймактарды өнүктүрүүгө жана ал жактагы чакан, орто ишканаларды ачууга басым жасалат;
салыктын саны көбөйтүлбөйт. Аны туура администрациялоого көбүрөөк маани берилет;
2030-жылы ИДПны 30 миллиард долларга, жан башына ИДПны 4500 долларга жана бюджетти триллионго жеткирүү пландалууда;
Жыйынтыгында каттоодон өткөн 88 депутаттын 80и "макул" деп добуш берип, минкабдын төрагасын жана мүчөлөрүн бекитип берди.
Эске салсак, 16-декабрда Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Натыйжада анын милдетин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аткарып баштаган. Ал эми анын ордуна экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев дайындалган.
Президент Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчини алмаштырды