19-декабрга карата аба ырайы

19-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 19-декабрь, бейшембиде, күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, чыгыш тарабынан болгон шамалдыкы 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл аймагында -1...+4 градус болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градуска түшөрү болжолдонду.
Термометр Бишкек шаарында +5...+7, Ош шаарында +6...+8 градусту көрсөтөт.
Москвада энергетика боюнча эл аралык форум өттү