Быйыл өлкөнүн тышкы саясий ведомоствосу эки мааракесин белгилейт. Анткени 1944-жылы 17-мартта Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн. Ал эми 1991-жылы 31-августтан баштап эгемен Кыргызстан дүйнөлүк аренада тышкы саясатын жүргүзө баштаган. 1998-жылы 24-октябрь — КР Дипломатия кызматынын кызматкеринин күнү деп белгиленген.
1990-жылдары ата мекендик дипломатиянын башаты түптөлдү десек болот. Ошол учурда мамлекеттин дипломатиясы нечендеген кыйынчылыктан өттү.Бүгүнкү берүүбүздө Кыргызстандын дипломатиясы кандай оош-кыйыштан өткөнү тууралуу КР Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бөрүбек Аширов менен маектешибиз. Ал Кыргызстандын Беларусь, Түркмөнстан жана Украинада элчиси болгон. Аширов жогорудагы үч өлкөдө иштеп жүргөн учурда кыргызстандык дипломаттра кандай шартта иштегени жөнүндө айтып берди.