Кыргызстандагы жалпы тарыхый мурас объекттеринин абалы. Аларды инвесторлорго берүү канчалык максатка ылайыктуу?

Sputnik
Экономика министрлиги маданий мурас категориясындагы айрым имараттарды инвесторлорго берүүнү сунуштоодо. Маданият министрилиги буга каршы чыгууда. Анткени Конституциянын 15-беренесинде да маданий мурастар коргоо таз жазылган. Анткени бул мамлекеттин менчиги болуп эсептелинет.
Чынында “Ачык кеп” программасынын мейманы Чынарбек Жолдошев өлкөдөгү маданий мурастардынабалы, тарыхый жайлар тууралуу кенен айтып берди. Ал тарыхый имараттар маданий мурас тизмесинен чыгып авариялык жараксыз абалга келип калган учурда гана кайсы бир мекеме үчүн берүүгө болорун белгиледи. Экономика министрлигинин сунушу кабыл алына турган болсо ал жалпы маданий, тарыхый мурастарды түз эле сатууга алып барат жана алардын массалык түрдө талкалануусуна жол ачат.