2024-жыл дагы соңуна чыгып жатат. Бул өткөнгө кылчайып аткарылган иштерге сереп салып, жыл жыйынтыгын чыгарчу убак. Муну менен катар келечекке пландарды дагы түзчү учур. Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын бул жылы аткарган иштери тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жооп берди.