Мишустин: ЕАЭБ өзүн эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөтө алды

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өзүн тең укуктуулукка негизделген жана ар бир катышуучунун кызыкчылыгын эске алган эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин "Российская газетага" курган маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, биримдиктеги байкоочу мамлекеттердин чөйрөсү кеңейүүдө. Мындай макам Өзбекстан менен Кубадан тышкары Иранга да берилет. Төрт мамлекет менен эркин соода келишими бар.
"ЕАЭБ өзүн тең укуктуулукка негизделген жана ар бир катышуучунун кызыкчылыгын эске алган эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөттү. "Бештикте" бири-бирин угуу, ишенүү, компромисстерди издөө жана табуу, эл аралык укуктун нормаларын урматтоо салтка айланган. Азыркы шарттарда бул бизди башка көптөгөн аймактык уюмдардан жакшыраак айырмалап турат. Ошондуктан дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү жана бирикмелери биримдик менен кызматташууга кызыкдар болуп жатышат", — деди Мишустин.
РКӨФ ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун субсидиялаган уюмдардын тизмесине кирди