БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россияда 375 миң кыргызстандык иштейт, алардын 20-30 пайызы өз өндүрүшүн түзүп, иш берүүчү болуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү.
"Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 3 миллиард долларды түздү. Активдүүлүк жогору, көптөгөн бизнесмендер биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн Кыргызстанга келип жатат. Учурда 375 миң кыргызстандык Россияда эмгектенет, алардын 20-30 пайызы өз өндүрүшүн уюштуруп, резидент катары иштеп жатышат", — деди Сариев.