БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин редакциясы президенттин "Мейкин" сыйлыгына татыды.
Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте өттү. Калыстар тобу 10 номинациянын ар бири боюнча мыктыларды аныктаган. Жалпы байге фонду 10 миллион сомду түздү.
Тагдырдын кыйынчылыгын жеңип, жашоонун маңызын спорттон тапкан фитнес-тренер тууралуу видеоролигибиз "Сергек жашоо" номинациясында жеңүүчү болду.
Команда каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка берүүнү пландаштырууда.
Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган.
"Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.