Мурда салык мыйзамына жылына он чакты ирет өзгөрүүлөр кире берчү. Эми системанын туруктуулугун камсыздоо максатында зарылчылык болсо жылына бир гана жолу өзгөртүү болот. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда биринчи кезекте ишкерлердин кызыкчылыктары эске алынган.
"2021-жылы кабыл алынып, 2022-жылдан тарта күчүнө кирген жаңы салык кодексинде "салыктык жеңилдиктерди баалоо жана натыйжалуулугун карап чыгуу" деген талап коюлган. Анын негизинде өкмөттүн иштеп чыккан атайын методикасын кароо, ылайыктоо иштери беш этапка, беш жылга бөлүнгөн. Быйыл экинчи этабын ишке ашырып жатабыз. Ал үчүн 17 жеңилдик берилген багытты алганбыз. Булар майнаптуу деп табылып, берилген жеңилдиктер 2030-жылга чейин калууда. Ал эми дагы беш багыт боюнча баалоодо натыйжалуу эмес деп табылып, аларга берилген жеңилдиктерди алып салууну азыркы мыйзам долбоорунда сунуштадык. Бирок, анын ичинен курулуш багыты боюнча президент өз пикирин билдирди, демек бул тармак алынып салынышы мүмкүн. Айта кетүүчү жагдай, бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууда жумушчу топко бизнес бирикмелеринен да өкүлдөр кирген. Тактап айтканда, ишкерлердин да пикирин эске алдык. Ошону менен катар эле быйыл биринчи ирет жумушчу топко Жогорку Кеңештин сегиз депутаты да кошулду. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоору өтсө, январь айынан тарта ишке кириши керек. Мындан ары салык кодексине өзгртүүлөр ушинтип жылына бир ирет гана киргизилет. Мурдагыдай болуп депутаттар бир сунуштап, өкмөт бир өзгөртүп отурбайбыз. Максатыбыз — салык системасындагы туруктуулукту сактоо", — деди Ысабеков.
Ал салыктан бошотуу жеңилдиги алынып салчу багыттар деп, профсоюз санаторийлердин жери, машина-трактордук станциялар, дары-дармектин кошумча нарк салыгы, насыя биримдиктери жана жеке мектептердин пайдадан алынган салыгын атады.