90 млн. сом карызы төлөндү. Садыр Жапаров "Ысык-Ата" санаторийин ачты

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров реконструкцияланган "Ысык-Ата" санаторийинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы бул санаторий Кыргызстандагы эң белгилүү ден соолукту чыңдоочу жайлардын бири экенин белгилеп, анын кайрадан ишке берилиши ички туризмди өнүктүрүүдө чоң роль ойной турганын айтты. Союз мезгилинде активдүү иштеп келген бул курорт эгемендик жылдары каралбай калгандыктан авариялык абалга жеткени белгиленди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров реконструкцияланган "Ысык-Ата" санаторийинин ачылыш аземине катышты

2 / 5

Өлкө башчы бул санаторий Кыргызстандагы эң белгилүү ден соолукту чыңдоочу жайлардын бири экенин белгилеп, анын кайрадан ишке берилиши ички туризмди өнүктүрүүдө чоң роль ойной турганын айтты

3 / 5

Союз мезгилинде активдүү иштеп келген бул курорт эгемендик жылдары каралбай калгандыктан авариялык абалга жеткени белгиленди

4 / 5

Санаторийдин 90 миллион сомдон ашык карызы төлөндү

5 / 5

4 ысык булак бассейни, клиника жана корпустар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Санаторийде төмөндөгү иштер жасалган:
Санаторийдин 90 миллион сомдон ашык карызы төлөндү;
4 ысык булак бассейни, клиника жана корпустар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
заманбап эмеректер сатып алынып, балдар аянтчасы, футбол талаасы жана амфитеатр курулду;
ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн электрондук тейлөө тутуму киргизилди.
"Кыргызстанда ички туризм тармагында бара турган, көрө турган мыкты жайларыбыз көп. Аларды өнүктүрүү үчүн потенциалыбыз да жетиштүү. Болгону иштин көзүн таап, колдогу байлыгыбызды туура нукта иштетишибиз абзел", — деди Жапаров.
Президент кызматкерлердин маянасын мартта 50 миңден 70 миң сомго чейин көтөрүү пландалып жатканын билдирди. Ошондой эле өлкө башчы жумушчулардын бала бакча куруу өтүнүчүн колдоп, тиешелүү адистерге долбоорду иштеп чыгууну тапшырды.
Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон ачылды. Видео