БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын, Садыр Жапаровду толук колдоорун билдирди.
Анын айтымында, болочоктогу шайлоого аттанууга Садыр Жапаровдун толук юридикалык укугу бар.
"Президенттикке талапкерлигимди койбойм. Толугу менен Садыр Нургожоевичти колдоп чыгам. Андан башка дагы кимди колдошубузу мүмкүн?" — деп суроо салды Ташиев.
Ошондой эле ал мамлекет башчы учурда жакшы иштеп жатканын айтып, аны колдоо зарыл экенин кошумчалады.
"Азыркы Конституция боюнча, Садыр Жапаров эки жолу президенттикке койгонго укугу бар. Демек, 2027-жылы беш жыл, андан кийин дагы беш жылга койгонго укугу бар. Ушул убакта президентти толук колдойбуз", — деди УКМК төрагасы.
Ал Садыр Жапаровдун мезгилинде ири долбоорлор башталганын айтып, андан татыктуу талапкер жок деген пикирин билдирди.