БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Москва шаарындагы Рязань проспектинде жарылуу болуп, РФтин Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо боюнча аскердик бөлүгүнүн башчысы Игорь Кириллов менен анын жардамчысы көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Рязань проспектинде белгисиз нерсе жарылган. Имараттын биринчиден үчүнчү кабатка чейинки айнектери күбүлүп түшүп, талкаланып, эки киши көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп, адистер аймакты текшерип жатканы айтылды. Жардыргыч зат турак үйдүн подъездинин жанында турган самокатка байланган дешти.
Аталган факт боюнча Тергөө комитети иш козгоду.