Москвадагы форумда аймак аралык кызматташуу талкууланды

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Москва шаарында "Бизнестин жаңы багыттары – Москва жамааттарынын бизнес-клубдарынын өнөктөштүгү" деп аталган аймак аралык IV форум өттү.
Москва Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык жана аймактар ортосундагы ишмердүүлүк боюнча вице-президенти Владислав Мищенко палатанын аталган багыттагы ишмердүүлүгүнө токтолду.
Форумдун аймактар аралык жана эл аралык мамилелерди чыңдоодо, коомчулуктар ортосундагы байланыштарды диверсификациялоодо жана бийлик, коом, бизнес-өкүлдөрдүн ортосундагы байланыш үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналары айтылды.
Палатанын жамааттык ишкердик клубдардын кызматташтыгын арттыруу комитетинин төрагасы, атайын техникалар боюнча регион аралык "Москва–Пекин" биржасынын президенти Олег Московский өнөр жай жаатындагы эки мамлекеттик кызматташуусу тууралуу айтып берди.
Жыл ичинде алты ирет биржа уюштурулуп, ага аймактардан 400 ишкер катышкан. Алардын 30 пайызы Кытайдан болгон.
"Кытайлыктарда Россиянын рыногуна кантип чыгуу керек, техникалык жактан кантип шартташуу керек, экономикалык талаштарды азайтса болот деген суроолор дайыма актуалдуу болуп турат. Көмөктөшүүгө кызыкдар болдук. Биржа жакшы жыйынтыгын көрсөттү, соодалашуу узарды", — деген ал.
Московский кезектеги форум Казань шаарында 18-19-августта болору жана анда атайын техникалардын көргөзмөсү пландалып жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
КР менен РФ президенттери сооданы 5 млрд. долларга жеткирүүнү тапшырды