Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы киши кармалганын Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Окуя бүгүн саат 11.45 чамасында мурдагы Чыгыш автобекетинде болгон. Эркек аялына 20 жолу бычак сайып, аял тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чыр кызганычтан улам чыккан.
Маалыматты Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тастыктады. Факт боюнча кылмыш иши козголду.
Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон адамдын бычакталып, өрттөлгөн сөөгү табылды