18-декабрга карата аба ырайы

18-декабрда республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлерине туман түшөт, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткү жаралат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көл, Нарын облустарында -3…+2 градус болот.
Термометр Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +5…+7 градусту көрсөтөт.
Кар жаап, жолдор тоңот. 22-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу