Өзүнө өзү эстелик тургузуп кеткен Ыбырай Абдырахманов

Sputnik
Ыбырай Абдырахманов (Ак молдо) Ысык-Көлдүн Жети-Өзүз районундагы Чырак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал киши убагында Фрунзеден там алып жашап, Тоголок Молдо сыяктуу залкарларды айлап алып келип багып оозундагы Манасын, ырын кагазга түшүрүп алган. Шарты боз үйдө да жашап Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков өңдүү манасчылардын да манасын түшүрүп алган. Ал күжүлдөп тынбай иштеген, кол жазмасы сулуу, бат жазган жана эс-тутуму мыкты адам болуптур.
Күнү боюу манас айттырып жазып, манасчылар эс алууга кеткенде кайра иштеп, толуктап чыккандыгын «Туяк» программасынын коногу окумуштуу Аттокур Жапанов да айтып берди. Программада Ыбырай Абдыракмановдун эмгеги дагы бааланып, изилдениши керектиги айтылды. Ал киши тирүүсүндө өзүнө Ат-Башы районунун Пограничник (Казыбек) айылында эстелик ташын жасап кеткен. Бир жыл өтүп ошол жерге коюлган. Ушул кезге чейин бул инсанга эстелик коюлган эмес. Өзү турмушта үй-бүлө күтүп, балалуу болгон эмес. Өмүрүн жалаң фолклор чогултууга арнаган.