Мамлекеттик сатып алууларда 2022-жылдан тартып реформалоо жүргүзүлүп, мыйзам редакцияланган. Анын алкагында мамлекеттик сатып алуулар портал аркылуу жүргүзүлөт. Мамлеттик сатып алуулар мыйзамы жаңы талаптарга, чакырыктарга ылайык өзгөрүп турат. Бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында дагы алты багытта жумуш жүргүзүлөт.
ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү статистикалык отчеттуулук жөнүндө маалымат алмашуу, мамлекеттик сатып алуулар тутумун санариптештирүү жана ЕАЭБ мамлекеттеринин мүчөлөрүнүн ортосунда мамлекеттик сатып алууларга катышууну кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Өмүрбек Сабиров менен эконономист, эксперт Нургүл Акимова маектештик.