Улуттук илимдер академиясына 70 жыл — жаңы мыйзам, имаратты оңдоп-түзөө, айлык

Sputnik
Кыргыз ССР илимдер академиясы 1954-жылдын 20-декабрында Фрунзе шаарында академик Иса Ахунбаев жетектеген СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында түзүлгөн. Быйыл УИАнын имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, шарты жакшыртылды. 2024-жылы Улуттук илимдер академиясында жасалган иштер, жаңы мыйзам, окумуштуулардын айлыгы, долбоорлор тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Канатбек Абдрахматов кенен сөз кылды.