Радио

Мамытов: Түркия да кезинде пландык экономика менен өнүккөн

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов "Экономикалык панорама" программасынын алкагында Түркиянын өнүгүү тарыхына токтолду.
Sputnik
Түркия да кезинде беш жылдык пландоо экономикасы менен өнүккөн. Мустафа Кемаль реформа жасап, "Европага ачылган терезе" саясатын жүргүзгөн. Бирок 1950-жылдардан тарта өлкө кадимкидей беш жылдык план менен иш алып барган. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Түркия мамлекетинин экономикасында аскердик багыт орчундуу орунду ээлейт.
"Сыртынан караганда Түркия туризм, өндүрүш өлкөсү катары көрүнгөнү менен анын аскердик экономикасы өлкөнүн өзөгүн түзөт. Бюджети бир триллион доллардан ашкан бул өлкөдө 58 пайызы кызмат көрсөтүүдөн, 30-32 пайызы өндүрүштөн, 10 пайыздайы гана айыл чарбасынан киреше түшүп жатат деп көрсөтүлгөнү менен, көмүскө экономикасында аскердик-техникалык өндүрүш жатат. Түркиянын экономикалык тарыхын алып карасак, дароо эле либералдык экономикага өтө калган деп айтыш кыйын. Ал тургай азыр деле мамлекеттин таасири күчтүү. Бир мисал катары ала турган болсок, негизги аба каттамын тейлеген компаниясы бюджетинин 2 пайызга жакынын камсыздап, үлүшүнүн 49 пайызы мамлекетке таандык. Мына ушундай ири компанияларды өкмөтү кармап турат. Ал эми 1950-60-жылдарды ала турган болсок, кадимки эле СССРдин тажрыйбасын колдонуп беш жылдык пландык экономика менен иш алып барган. Мындай көрүнүш 1977-78-жылдарга чейин уланган. Муну менен биз тарыхта кайталана элек СССР экономикасынын пландык саясаты туура экенине дагы бир ирет күбө болобуз", — деди Мамытов.