Орунтаев: көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот деген эреже кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жазды.
Анын айтымында, бул эреже сентябрь айынан тарта күчүнө кирген.

"Сентябрь айынан тарта жаңы эрежелер киргизилди. Алардын негизинде көп кабаттуу үйлөрдө "1 батирге 1 автоунаа токтотуучу жай" принциби милдеттүү болуп калды. Эгерде курулуп жаткан үйдө бул талап аткарылбаса, анда курулушка жол берилбейт. Мындан тышкары, беш кабаттан жогору болгон үйлөрдүн жер төлөсүндө атайын автокөлүк токтотуучу жай сөзсүз болушу керек", — деп жазган Орунтаев.

Ошондой эле курулуш компанияларына унаа-лифт сыяктуу автоунаа токтотуучу жайларды болушунча үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берилери кошумчаланды.
Эсеп палатасы Мамкурулуштан 1,4 млрд. сомдук мыйзам бузуу аныктады