Өкмөт башчы иштен алынганда анын мүчөлөрү кызматтан кетпейт. Баш мыйзамдан үзүндү

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматынан кеткени белгилүү болду.
"Министрлер мындай жагдайда ордунда калабы же өзгөрүү болобу?" деген суроого Конституциядан жооп издеп көрдүк.
Төмөндө Баш мыйзамдан өкмөт курамындагылар жана премьердин кызматы боюнча үзүндүлөрдү келтиребиз:
министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясынын жетекчиси болуп саналат;
министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана минкаб мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат;
министрлер кабинетинин төрагасы министрлер кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн президенттин алдында жоопкерчилик алат;
президент өз демилгеси боюнча же Жогорку Кеңештин, же Элдик курултайдын сунушун эске алуу менен өкмөт мүчөсүн, анын ичинде премьерди кызматтан бошотуу чечимин кабыл алууга укуктуу;
министрлер кабинетинин төрагасынын иштен бошошу жалпы министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келбейт;
министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин министрлер кабинетинин иштеп жаткан курамы өз милдеттерин аткарууну улантат.
Акылбек Жапаров кызматынан бошотулду