1-январдан тарта жол оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине бир сомдон төлөнөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине 1 сомдон төлөнөт. Тиешелүү "Жол фонду жөнүндө" мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон.
Аны Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.
"Мыйзамдын максаты — автомобиль жолдорун жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. Мыйзам Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар каралат. Жыйымдарды бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъектилер төлөйт", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле каражат түздөн-түз Жол фондуна түшөрү жана мыйзам 1-январдан тартып күчүнө кирери айтылган.
Транспорт министрлигинен 5,7 млрд. сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды