Бишкекте окуучулар орус элдик ырларын аткарып, жарышты. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкекте окуучулар арасында "Орус элдик ырлары" аттуу сынак өткөнүн "Евразия" бейөкмөт уюмунан билдиришти.
Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштүгү менен өткөрүлгөн.
Конкурстун максаты окуучулардын музыкалык талантын өнүктүрүү, ошондой эле орус маданий мурасын жана музыкалык өнөрүн Кыргызстанда жайылтуу болду. Ыр жарышка Кыргызстан боюнча окуучулардан 130дан ашык өтүнмө келип түшкөн.
1 / 3

Конкурстун максаты окуучулардын музыкалык талантын өнүктүрүү, ошондой эле орус маданий мурасын жана музыкалык өнөрүн Кыргызстанда жайылтуу болду

2 / 3

Бишкекте окуучулар арасында "Орус элдик ырлары" аттуу сынак өттү

3 / 3

Балдардын талантын курамында Кыргыз эл артисттери жана эмгек сиңирген маданият ишмерлери: Айчүрөк Иманалиева, Жамиля Муратова жана Турусбек Жумалиев кирген калыстар тобу баалаган.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүчө аныкталды:
Гран-при — Розалия Аманбаева, Бишкек шаары, №64 мектеп;
1-орун — Айдана Нурдинова, Нарын облусу, Чкалов атындагы мектеп;
2-орун — Жанузак Толкунбеков, Жалал-Абад облусу, №1 мектеп;
3-орун — Карина Турсунбаева, Нарын облусу, Керимбаев атындагы мектеп;
Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү – Андрей Косаков, Бишкек шаары, №24 гимназия;
Өзгөчө сүйкүмдүүлүгү үчүн – Жасмин Жумадилдеева, Талас облусу, Чолушев атындагы мектеп.
Балдардын талантын курамында Кыргыз эл артисттери жана эмгек сиңирген маданият ишмерлери: Айчүрөк Иманалиева, Жамиля Муратова жана Турусбек Жумалиев кирген калыстар тобу баалаган.
Бишкекте Улуу Жеңиш тууралуу ырдаган окуучулар сыйланды. Видео