"Бийиктиктерди биргелешип багындырабыз". Бишкекте ыктыярчылар тажрыйба бөлүштү

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында ыктыярчылардын жыйыны өткөнүн иш-чараны уюштурган "Евразия" уюмунан билдиришти.
Ага 30дан ашуун активист, жогорку окуу жайлар менен колледждердин өкүлдөрү жана ыктыярчылык клубдардын жетекчилери катышкан.
Жыйындын негизги максаты бул жааттагы мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү, пикир алмашуу жана жаштарды аталган кыймылга активдүү тартуу аркылуу дем-күч берүү болгон.
"Евразия. Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Кымбат Урумкулова ыктыярчылыктын коомду өнүктүрүүдөгү маанисин белгилеп, жаштарды социалдык долбоорлорго тартуу жана аларга активдүү катышуу үчүн шарт түзүүнүн зарылдыгын баса белгилеген.
"Мындай жолугушуулар Кыргызстанда ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүүгө, жаңы демилгелер жана коомду жакшыртууда биргелешкен иштер үчүн даяр команда түзүүгө өбөлгө болот. Биз биргелешип бардык бийиктиктерди багындырабыз", — деди Кымбат Урумкулова.
Иш-чаранын алкагында мастер-класстар, топтордо иштөө жана интеллектуалдык оюндар уюштурулганы кошумчаланды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Бишкекте Улуу Жеңиш тууралуу ырдаган окуучулар сыйланды. Видео