БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулуп, өкмөт башчынын милдетин Адылбек Касымалиев аткарып турмай болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарда айтылган.
Буга чейин Акылбек Жапаров иштен бошогону кабарланып, ал өкмөт өкүлдөрү менен коштошуп жаткан видео жарыяланган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген Адылбек Касымалиевдин кызматын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев аткармакчы. Алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
60 жаштагы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматын 2021-жылдын октябрынан бери ээлеп келген.
Ал эми анын ордуна келип жаткан Касымалиев 64 жашта. Ал буга чейин минкабдын төрагасынын биринчи орун басары, финансы, экономика министри кызматтарын аркалаган. 1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.