Пресс-борбор

Кыргызстандыктар Россиянын кайсы продукциясына кызыгарын РЭБ өкүлү айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Россия экспорттук борборунун (РЭБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде кыргызстандыктар кайсы тармактардагы орус продукцияларына кызыкдар экенин айтып берди.
Ал кыргызстандыктарды металлургия, машина куруу, химиялык өнөр жай (анын ичинде нефть-газ химиясы), азык-түлүк, тамак-аш, токой өнөр жай комплекси жана башка тармактар кызыктырарын белгиледи.
Россия экспорттук борборунун (РЭБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов
"Кыргызстанда курулуштун өсүшү байкалууда. Мисалы, Бишкек активдүү өнүгүп жатат. Ушуга байланыштуу РЭБ аркылуу металлопрокат экспортчуларынын саны өсүп жатат. Мындан тышкары, бир металлургиялык комбинат менен биргеликте кооптуу аймактар үчүн атайын иштелип чыккан продукцияны илгерилетүүдөбүз. Бул курулуштун өздүк наркына таасир этпейт, бирок курулуштун коопсуздугун кыйла жогорулатат," — деди Буюклянов.
РЭБ жетекчиси ошондой эле агроөнөр жай жана тамак-аш тармагындагы продукциянын экспортун көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
"Ноябрдын аягында Россиядан ири агрохолдингдин делегациясын кабыл алып, Кыргызстандагы ири соода тармактарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштурдук. Жыйынтыгында алар экспорттук келишим түзүштү. Жакында кыргыз дүкөндөрүнөн дагы бир россиялык экспортчунун продукциясын көрө аласыздар," — деди Буюклянов.
Эске салсак, РЭБдин Бишкектеги өкүлчүлүгү 2023-жылдан бери иштеп келет. Максаты — россиялык компанияларды жаңы рынокторго чыгарууга көмөктөшүү. Мындан тышкары, өкүлчүлүктүн кызматкерлери кыргызстандык сатып алуучуларга жардам берип, сүйлөшүүлөрдү уюштурат.
Кыргызстан 10 айда миллиард доллардан ашык акчага алтын экспорттоду