Акылбек Жапаров кызматынан бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Акылбек Жапаров кызматынан бошотулду.
Маалыматка ылайык, бул милдет азырынча биринчи вице-премьер-министр Адылбек Касымалиевге жүктөлдү.
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматын 2021-жылдын октябрынан бери ээлеп келген.
Адылбек Касымалиев
64 жаштагы Касымалиев минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болуп келген. Ал финансы, экономика министри кызматтарын аркалаган. 1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.
Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болду