Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз

Sputnik
Соңку жылдары айыл чарба азыктарын өлкөдөн чийкилей эле чыгарып жибербей кайра иштетип, даяр азык катары чыгарууну көздөгөндөр көбөйө баштады. “Стимул” программасынын бүгүнкү коногу дагы ушул тармакта ийгиликтүү иш алып барып жаткан жаш ишкер Алина Исакова. Ал Баткен күрүчүн таңгактап, даңазалап брендге айландыруу менен алек болуп келет. Бул күрүч менен өлкөдөгү ири шаарларды эле камсыздабай Россия баштаган өлкөлөргө экспорттоп көрүүдө. Эми Баткен күрүчү менен ЕАЭБ базарларын багындырууну көздөп турган убагы.