Кыргызстандан экспорттолгон өрүктүн баары ЕАЭБге кетет – Сапаты менен саны атаандаштык жарата алабы?

Sputnik
2024-жылдын 10 айында Кыргызстандан 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон. Кыргыз өрүктөрүнүн дээрлик бардыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө кетет. Алардын ичинен эң ири көлөм Россия базарларына барат. Түшүмдү өстүрүү бир тең аны жыйнап татыктуу баада сатып алган бир тең экенин дал ушул багбан-дыйкандар айтып келишет. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул өрүк өстүрүү жана аны эскпортоо тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга экономика жана коммерция министрлигинин "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетуу борборунун эксперти Бексултан Арзыбаев жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин агротокой жана багбанчылык секторунун башчысы Аскар Эрматов жооп берди.