“Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр кирип, ага президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 11-ноябрында кол койду. Мыйзамга ылайык, Жогорку технологиялар паркы үчүн салык режими мөөнөтсүз болуп өзгөрду. Мындай кадам санариптик бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир берет? Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров “Күн башат” программасында жооп берди.