Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) үчүн мөөнөтсүз салык режими күчүнө кирди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 11-ноябрында кол койгон. Мындай кадам санариптик бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputnik.kg/Radio/ маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин саны 500гө жакындады.
"Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, ага президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 11-ноябрында кол койгон. Мыйзамга ылайык, Жогорку технологиялар паркы үчүн салык режими мөөнөтсүз болуп өзгөрдү. Мындай кадам санариптик бизнести өнүктүрүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Буга чейин ЖТПнын иши 2026-жылы аяктамак, экспортко багытталган IT-компаниялар үчүн 15 жылдык мөөнөткө атайын укуктук жана салык режими кирип, салык төлөөдөн жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жеңилдик алган. Учурда парктын резиденттеринин саны 500гө жакындады. Былтыр алардын кирешеси 7,7 миллиард сомду түзсө, быйыл 10 миллиард сомго жеткирүү пландалган. 2025-жылдын январында бардык статистикалык маалыматтар чыгат", — деди Темиров.
Ал ошондой эле жаңы редакциядагы майзамда ЖТПнын Байкоочу кеңеши өз ишинин натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу үчүн төрагасын өз алдынча шайлоо укугун алганын кошумчалады.