Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Украинанын келечеги тууралуу кооптуу билдирүү жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Украинадагы согуштук аракеттер эбак токтомок, бирок Батыш аны улантууга шыкактоодо. Бул тууралуу РИА Новости Пентагондун жетекчисинин мурдагы атайын жардамчысы Дуглас Маккиннонго шилтеме кылып жазды.
Анын айтымында, эми согушттук аракеттер токтотулганда Украина мурдагыдан начар абалда калышы ыктымал.
"Тынчтык орной турганы анык. Акыры дайыма орнойт. Бирок азыр Украина мурдагыдан да начар абалда болот, анткени ал атышууну токтотуу боюнча биринчи ирет жасалган сунуштан бери көп аймагын жоготту", — деген Маккинон.
Ал Батыш лидерлерин жөнөкөй украиналыктардын тагдыры кызыктырбасын, эл жеке кызыкчылык үчүн пайдаланылып жатканын белгилеген.
"Эң жаманы — жүз миңдеген адамдар жөн жерден өлүп же майып болушту. Батыштын "лидерлери" согуш талаасынан миңдеген чакырым алыстыкта, кабинетинен оюн жүргүзүп, көз жумган кишилер менен балдарды кол жоолук катары колдонушту", — деп белгилеген Маккиннон.
Эскерте кетсек, Трамп Украинадагы жаңжалды 24 сааттын ичинде токтото аларын билдирген. Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул өтө татаал, бир күндө жөн салды чечиле калбай турган маселе экенин белгилеген.
Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, учурда Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча кеминде үч план бар. Үчөөндө тең Украинанын НАТОго мүчө болуудан жана Россиянын пайдасына жеринен баш тартуусу каралган.
Июндун орто ченинде Путин Украинадагы жаңжалды токтотуу сунуштарын киргизген. Ал Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье аймактарын Россиянын бөлүгү катары таанылышын, Украинага нейтралдуу статус берүүнү, демилитаризация жана денацификация жүргүзүүнү, ошондой эле Россияга каршы санкцияларды алууну камтыйт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Орбандын Рождество маалында ок атпай туруу сунушун четке какты