БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун субсидиялоого катыша турган уюмдардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) сайтында айтылган.
Маалыматка ылайык, чечим 13-декабрдагы жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган.
Аталган жыйында өнөр жайдагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүү механизмин ишке ашыруу талкууланган.
"Июнда ЕАЭБ макулдашуусуна өзгөртүүлөр кирип, ЕЭКке кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү ыйгарым укуктары берилген. Улуттук банктар жана Евразия өнүктүрүү банкы өтүнмөлөрдү Комиссияга тапшырып, бизнес менен байланыштыруучу звено болуп эсептелет. Учурда ЕЭК Беларусь, Казакстан жана Россия катышкан үч долбоорду карап жатат. Алар химиялык өнөр жайды, айыл чарба жана темир жол машиналарын курууну камтыйт. Алгачкы өтүнмөлөр жыл аягына чейин каралат", — деп жазылган маалыматта.
Комиссиянын ишинин жүрүшүндө долбоорлорду тандоо жобосун өзгөртүү зарылдыгы келип чыкканы белгиленди.