"Царица" шоусу: Бегимай Турусбекова джаз стилинде ырдап, кийинки турга өттү

Калыстар анын ырдаганына, кийингенине баа берип, үчөө 10 упайдан берсе, бирөө 9 упай ыйгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бегимай Турусбекова "Царица" сынагынын кийинки туруна өттү.
Бул ирет кыргызстандык катышуучу джаз стилинде "Я очень рад, ведь я наконец возвращаюсь домой" аттуу чыгарманы аткарган.
Калыстар анын ырдаганына, кийингенине баа берип, үчөө 10 упайдан берсе, бирөө 9 упай ыйгарды. Тагыраагы, Лариса Долина Турусбекова ырдын айрым ноталарын жеткире ырдабаганын, джаз стили ага анча туура келбей турганын айтып, кийинкиде тапшырмага жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.
Жыйынтыгында ырчы калыстардан 39, көрүүчүлөрдөн 8,73 упай алып, кийинки турга өтө алган.
Кыргызстандык ырчы буга чейинки турларда дагы эң мыкты аткаруулары менен калыстардын жогорку баасына татып келген. Соңку турларда "Фабрика звезд" долбоорунун жеңүүчүсү Дмитрий Колдун менен "Царевна", андан кийин Александр Басилая жана Юрий Ряшенцевдин "Арго" аталышындагы чыгарманы тартуулаган. Анан "Синий иней" ырын, "Песенка о морском дьяволе" аттуу чыгарманы аткарган.
Бегимай Турусбекова россиялык долбоордо дагы бир жолу суктандырды. Видео