БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте окуучулар арасында өткөрүлгөн “Жеңиш тууралуу ырдайбыз” сынагы жыйынтыкталды.
Аны Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Евразия” бейөкмөт уюму уюштурган.
Иш-чарага 8-11 класста окуган 250дөй бала катышканы айтылат. Сынак үч этап менен өткөрүлүп, жыйынтыгы 15-декабрда чыгарылган.
“Катышуучуларга жеңиш, баатырдык темада кыргыз жана орус тилинде ырдоо сунушталып, алардын вокалдык, артисттик чеберчилигине баа берилди”, — деп жазылган маалыматта.
Конкурста алдыңкы орун алгандарга планшет, смартфон, смарт-саат, колонка жана башка сыйлыктар берилген.