Кыргызстан 10 айда миллиард доллардан ашык акчага алтын экспорттоду

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстан 2024-жылдын 10 айында 13 тонна 836,6 килограмм алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын жалпы суммасы 1 миллиард 64,4 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр:
Улуу Британия — 11 тонна 3,1 килограмм;
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1 тонна 848,5 килограмм;
Швейцария — 971,5 килограмм;
БАЭ — 13,5 килограммдан ашык.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан 12 тонна 886,2 килограмм алтынды 805,5 миллион долларга экспорттогон. 2023-жылы алтындын дүйнөлүк баасы төмөн болчу.
Кыргызстан алтынды былтыркыга салыштырмалуу 234 миллион долларга көп сатты