Россия менен келишебиз. Германия АКШнын НАТОдон чыгышы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп НАТОдон чыгууну чечсе, Россия менен Европа мамлекеттери өздөрүнүн коопсуздук архитектурасын Американы катыштырбастан түзө алышат. Бул тууралуу Германиянын Конституция жана суверенитет кеңешинин башчысы Ральф Нимайер РИА Новостиге билдирген.
Ал Трамп НАТОну бир нече жолу сынга алганын эске салды. АКШнын жаңы шайланган президенти уюм коргонууга көбүрөөк каражат сарптабаса Вашингтон альянстан чыгууну ойлоно турганын айткан.
"Урматтуу президент, биз сизден акча сурап жаткан жокпуз. Эгер кааласаңыз чыга бериңиз (НАТОдон). Биз коопсуздукту өзүбүз эле уюштурабыз, атургай кайсы бир учурда жалпы коопсуздук саясаты болсун деп орустар менен да сүйлөшүүгө өтө алабыз", — деген саясатчы АКШнын НАТОдон чыгышына Европанын мүмкүн болгон жообу тууралуу пикирин айтып жатып.
Агенттиктин маектешинин пикиринде, 1990-жылдардагы Россия — НАТО келишимдеринин түпкү идеясы жалпы коопсуздук саясатын түзүү болгон, бирок кийинчерээк бул саясат жокко чыгарылган.
Ал Америка НАТОдон чыгууну кааласа европалыктар Россия менен эки жакка тең пайдалуу болгудай коопсуздук жаатында келишим түзө аларын айткан.
Америка президенти 80 миң америкалык аскер Европада жайгашканын билдирди